Бишкектин бир катар бөлүгү жарыксыз калат. Тизме

Электр жарыгын өчүрүү трансформатордук подстанциялардын иштешин текшерип, кемчиликтердин алдын алуу максатында болорун айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Эртең, 12-декабрда Бишкектин бир нече көчөсүндө жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 09.00-18.00 — Рухий Мурас конушундагы 7-8-көчөлөр;
  • 09.30-18.00 — Дордой конушу;
  • 09.30-18.00 — Чолпон-Ата көчөсүндөгү №2, 3, 7, 9 үйлөр, Горький көчөсүндөгү №69, 75 үйлөр;
  • 09.30-17.00 — Шота Руставели көчөсүндөгү №69, 75 үйлөр;
  • 09.30-18.00 — Кызыл-Алма, Көкчө-Тоо, Түлөбердиев, Жеңиштин 50-жылдыгы көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Манас проспектиси, Караван туюк көчөсү;
  • 09.30-18.00 — Түлөбердиев, Можайский, Боталиев, Фере көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Пенза туюк көчөсү;
  • 09.30-18.00 — Балбан-Таймаш;
  • 10.00-17.00 — Ак-Өргө конушундагы От-Араба, Камбаркан, Жетиген, Үркөр, Молдо Нияз, Саадак, Бекен, Кара-Чоро, Казыбек, Кырк Чоро көчөлөрү.