Радио

Станалиева: Айтматовдун чыгармаларын окуган сайын жаңы ачылыштар пайда болот

Филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы Гүлзада Станалиева Чыңгыз Айтматов негизги чыгармаларын cовет доорунда жазгандыгын айтты.
Sputnik
Станалиева: Айтматовдун чыгармаларын окуган сайын жаңы ачылыштар пайда болот

Чыңгыз Айтматов — каза берсе түгөнгүс кенч. Бул тууралуу Гүлзада Станалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун улуттук адабият күнүнө арналган таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, залкар жазуучу негизги чыгармаларын cовет мезгилинде жазса да, ал дүйнөлүк масштабда ой жүгүрткөн.

"Чыңгыз Айтматов негизги чыгармаларын cовет доорунда жазды. Буга карабастан ал бир гана ошол учур менен чектелип калган жок. Дүйнөлүк масштабда ой жүгүртүп, ааламдын көйгөйүн кагазга түшүрүп, дүйнө элине жеткирди. Жаратылыш, адамдын бул жашоодогу орду, жоопкерчилиги сыяктуу темаларга көбүрөөк басым жасап, кенен ачып берди. Биз Айтматовдон узай элекпиз. Бийик тоо алыстаган сайын даана көрүнгөн сыңары, канчалаган убакыт өтсө да анын чыгармалары актуалдуулугун жоготпой, тескерисинче жаңы ачылыштарга күбө боло берсек керек. Айтматов — каза берсе түгөнгүс кенч", — деди Станалиева.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-декабрь Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары жарыяланган.