БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Жумгал районунун Кабак айылынын аймагы аркылуу өткөн Көкөмерен дарыясына 9 жаштагы бала түшүп кетип, изделип жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кырсык 7-декабрда түш ченде болгон. ӨКМдин куткаруучулары баланы үч күндөн бери таппай жаткандыгы, издөө бүгүн, 10-декабрда да улантылары айтылды.
Министрликтен тестиерди табууга беш куткаруучу тартылганын кабарлашты.