БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. 11-декабрь, шейшемби күнү, Бишкектин бир катар аймагында электр жарыгы өчүрүлө турганын "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.
Бригадалар подстанцияларда оңдоо иштерин жүргүзмөкчү.
Электр кубаты Кызыл-Алма, Көкчө-Тоо, Түлөбердиев, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрү, Манас проспектисинин бир бөлүгүндө жана Караван туюк көчөсүндө болбойт.