Лейлекте КамАЗ оодарылып, үч киши каза болду

Жол кырсыгы 9-декабрда саат 05:30дар чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы Ош — Баткен — Исфана жолунун 337-чакырымында (Белес тилкеси) КамАЗ жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 9-декабрда саат 05:30дар чамасында болгон. Анын кесепетинен 25, 33 жана 39 жаштагы үч киши мерт болгон.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар каза тапкан адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.