ЖК комитети каржы министрине Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды

Адылбек Касымалиев кызматтан кеткенден кийин анын орду бош турган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин каржы министрине жактырды.

Мурдагы министр Адылбек Касымалиев кызматтан кеткенден кийин анын орду бош турган.

Депутат: экс-министр Касымалиевге мамлекеттик сыйлык берилсин
Тармактык комитеттин төрагасы Канат Керезбеков комитеттин жыйыны шейшемби күнү болмоктугун, бирок сунуш түшүп калгандыктан бүгүн болгонун белгиледи.

Ал ошондой эле журналисттердин "жыйын эмне үчүн жабык болду" деген суроосуна "жабык болгон жок, эч ким андай көрсөтмө берген эмес" деп жооп берди.

Белгилей кетсек, жыйын башталганда "депутаттар өздөрү суранды, журналисттер кирбесин" деп эшикти тосуп алышкан болчу.

Бирок жыйындар залынан чыккан депутат Исхак Масалиев журналисттерди жыйынга киргизген.