Радио

Бекманбетов: кинофестиваль жылда 12-декабрда саат 12:00дө ачылат

Кинопродюсер Фархад Бекманбетов "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" фестивалы Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналып уюштурулганын айтты.
Sputnik
Бекманбетов: кинофестиваль жылда 12-декабрда саат 12:00дө ачылат

Кинофестиваль жыл сайын 12-декабрда саат 12:00дө ачылат. Иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналып негизделген. Бул тууралуу Фархад Бекманбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара быйыл 8-ирет өткөрүлүп жатат.

"Бул кинофестиваль эл аралык болуп эсептелет. Жылына бир жолу атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө, туптуура саат 12:00 дө ачылат. Максаты — мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттер арасында кыска метраждуу тасма жаратууну жандантуу. Балтика өлкөлөрү, Грузия жана КМШ мамлекеттери биригип, быйыл жалпысынан 14 республиканын катышары күтүлүүдө. Фестиваль эки бөлүктөн турат, тактап айтканда, улуттук тасмалар конкурсу жана чет элдик болуп бөлүнөт. Катышууну каалагандардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Мисалга алсак, быйыл Россиядан эле 3000ге жакын кино келип түштү. Алардын ичинен форматы фестивалдын жоболоруна туура келгенин тандап чыктык. Эми анын ичинен да бирөө гана жеңүүчү аталат", — деди Бекманбетов.

Ал аталган салтанат күнү күндүзгү саат 11:00дөн баштап фестивалга катышуучу кинолор акысыз көрүүчүлөргө тартууланарын кошумчалады.