Бишкектеги башкы балатынын жасалгасы аяктады. Сүрөт

Балатынын ачылышы саат 19:00дө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтына коюлган башкы балаты кооздолуп бүткөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, балаты бүгүн, 10-декабрда, саат 19:00дө ачылат. Жаңы жылдын символу болгон балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метрге жетет. Атайын темирге 2 миң 400 бутактары жармаштырылып, 940 даана оюнчук менен кооздолду. Андан сырткары, дюралайттан жасалган 4900 метр жаңы жылдык жарыктар жана 440 метр гирлянддар менен шөкөттөлдү.

1 / 3
Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтына коюлган башкы балаты кооздолуп бүттү
2 / 3
Калаанын көчөлөрүнө жаңы жылга карата 20 билборд орнотулуп, Түштүк магистралга жана Чүй менен Манас проспектилерине майрамдык кронштейндер илинди.
3 / 3
Калаанын башка көчөлөрү да жасалгаланууда.

Калаанын көчөлөрүнө жаңы жылга карата 20 билборд орнотулуп, Түштүк магистралга жана Чүй менен Манас проспектилерине майрамдык кронштейндер илинди. Калаанын башка көчөлөрү да жасалгаланууда.

Жаңы жылда кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат
Бишкектин жаңы жылдык кооздолушу "Кышкы жомок" деген концепция менен ишке ашты. Аны "Бишкекбашкыархитектура" иштеп чыккан.

Ошондой эле борбордук фонтандын үстүнө "Кар канышасы" жомогунун мотиви боюнча "Муз такты" орнотулду. Андан сырткары, сыйкырдуу бугуларга чегилген чанада отурган Аяз атаны көрүүгө болот.

Бишкек шаарынын бардык райондоруна жана маданий борборлордун алдына балатылар орнотулууда.

Мэриянын маалымат кызматынын билдиришинче, 2018-жылдын киреше бөлүгү оптимизация болгондон кийин жаңы жылга даярдык көрүү жана өткөрүүгө кеткен чыгым 6 миллион сомдон ашпайт.