Мэр Суракматов шаардыктарды жана калаанын конокторун келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, элге аманчылык каалап, келерки жылга чоң пландар бар экендигин айтты. Андан соң Абиров да калаалыктарды куттуктап, жакшылыктарды каалады.
Борбордук аянтта кыргыз эстрада ырчыларынын салтанаттуу концерти жана театралдаштырылган оюну болду.
Балатынын оттору жангандан кийин аны коштоп, бир нече ирет салют атылды.
Жаңы жылдын символу болгон балатынын бийиктиги 27, диаметри 12 метрге жетет. Атайын темирге 2 миң 400 бутактары жармаштырылып, 940 даана оюнчук менен кооздолду. Андан сырткары, дюралайттан жасалган 4900 метр жаңы жылдык жарыктар жана 440 метр гирлянддар менен шөкөттөлдү.
Борбордук фонтандын үстүнө "Кар канышасы" жомогунун мотиви боюнча "Муз такты" орнотулду. Ошондой эле сыйкырдуу бугуларга чегилген чанада отурган Аяз атаны көрүүгө болот.