БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Пара алып жаткан жеринен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 1,5 айга камалганын Жогорку соттон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аткаминердин баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралган.
"Сот Азимкан Жусубалиевди 2019-жылдын 21-январына чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды. Бул аралыкта тергөө иштери жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Жусубалиев узундугу 69,7 чакырым жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендердик комиссиянын төрагасы болгон. Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында 40 миллион 751 миң доллар сунуштаган италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы тендерден утуп чыгып, келишим түзүлгөн.
Салына турган жол Нарын облусунун Жумгал району аркылуу өтө турган Түндүк — Түштүк альтернативдүү трассасынын бир бөлүгү. Башкууганды (мурунку Дыйкан) айылынан башталып, аягы Ак-Учук (мурунку Эпкин) айылынан бүтөт.