Жеңилбес боксчу Акжол Сулайманбек уулу чемпиондук наамын коргоп калды

Боксчу профессионалдар арасында 13-мелдешин камсыздады.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу бокс боюнча профессионалдар арасында мелдеште WBA Asia наамын сактап калды. Бул туурасында турнирди уюштурган RCC Boxing Promotions компаниясы "ВКонтакте" баракчасына жазды. 

Мелдеш узаган дем алышта Санкт-Петербург шаарында өткөн. Анда Сулайманбек уулу филиппиндик Джон Эстрадо менен беттешип, натыйжада калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган. Ушуну менен ал экинчи ирет WBA Asia наамын коргоп жатат.

UFC чемпиону Шевченконун энеси: кызым жакында Кыргызстанга келет деп ишенем
Кыргыз мушкери, бокс боюнча КРдин үч жолку чемпиону Акжол буга чейин профессионалдар арасында 13 ирет беттеш өткөрүп, бир да жолу утулган эмес. 2016-жылдан бери Екатеринбург шаарында спорттук карьерасын улантып келет.

Боксчунун спорттогу жолу жана үй-бүлөсү тууралуу маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган маектен окуй аласыздар.