Күлгө айланган журтта кожоюнун бир ай күткөн күчүк. АКШдагы окуянын сүрөтү

Алоолонгон өрттөн жаш жубайлар күчүгүн ала албай калышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШнын Калифорния штатындагы өрттөнүп, күлгө айланган үйдүн ордунан күчүк кожоюндарын бир ай күткөн. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, алоолонгон өрттөн жаш жубайлар күчүгүн ала албай калышкан.

Куткаруучулардын да башка жакка алып кетүү аракетинен майнап чыккан эмес. Күчүк улам-улам "турагына" кайта берген. Мындан улам куткаруучулар аны ошол жерде багып, курсагын тойгузуп турушкан.

"Жаш жубайлар уруксат алып өрттөнгөн үйүнө барганда, ал жерде күтүп жаткан күчүгүн көрүшкөн", — деп жазылат маалыматта.

Калифорниядагы өрттөн улам каза болгондордун саны 80ге жетти
Соцтармак колдонуучулары күчүк кожоюндары менен кайрадан табышканына кубанып билдирүү жазышууда. Арасында "биринчи кезекте итин алыш керек болчу" деп нааразы болгондор дагы жок эмес.

Эске салсак, Калифорниядагы жүрөк үшүн алган өрт кырсыгы 8-ноябрда башталган. Кырсыктан 14 миң курулуш кыйрап, 85 адам каза болуп, 45 миң гектар жер өрттөнгөн.