Быйыл 3500дөн ашуун үй-бүлө ипотекалык насыя алды. Эгер ал үй-бүлөлөрдөгү ар бир адамды кардар катары эсептесек, болжолдуу түрдө 15000 адам үйлүү болду десек болот. Мындай пикирин Бактыбек Шамкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ипотекалык насыя берүүдө компания менен 13 банк активдүү иштешип жатат.
"Мамлекеттик ипотекалык компания 2016-жылы түзүлгөн. Алгач 800гө чукул үй-бүлөгө кредит бергенбиз. Кийинки жылы 1300дөй бүлө алса, быйыл 3500дөн ашуун үй-бүлөгө ипотекалык насыя бере алдык. Булардын бардыгы мамлекеттик кызматта иштегендер. Компания үчүн бул сандар чек эмес, биз бөлүнгөн каражаттан көз карандыбыз. Компания менен жалпысынан 13 банк тыгыз иштешип келүүдө", — деди Шамкеев.
Ошондой эле ал бөлүнгөн каражат үзгүлтүккө учурабаса, аталган компаниянын айына 200 миллион сомго чейин насыя берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.