Жер шарындагы дээрлик 4 млрд. кишинин интернетке чыгууга мүмкүнчүлүгү бар

Акыркы 13 жылда Африка мамлекеттеринде интернеттин жайылышы 2,1 пайыздан 24,4 пайызга чейин жогорулаган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. 2018-жылдын аягында жер шарындагы 3,9 миллиард киши интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Бул жалпы калктын 51,2 пайызын түзөт. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Эл аралык электробайланыш уюмуна таянуу менен билдирди.

Токтосунов: теленин ордун интернет басты деп айтууга абдан эрте
Ага ылайык, тийиштүү изилдөөнү БУУнун маалымат технологиялары боюнча адистери жасашкан. Алардын маалыматы боюнча акыркы 13 жылда Африка мамлекеттериндеги калктын интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк алган бөлүгү 2,1 пайыздан 24,4 пайызга чейин өскөн.

Ал эми өнүккөн мамлекеттерде бул көрсөткүч 51,3 пайыздан 80,9 пайызга чейин, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 7,7 пайыздан 45,3 пайызга чейин жогорулаган. Орточо эсеп менен алганда интернеттин жайылышы КМШ мамлекеттеринде 71,3 пайызды түзсө, Европа мамлекеттеринде 79,6 пайыз.