UFC чемпиону Шевченконун энеси: кызым жакында Кыргызстанга келет деп ишенем

Кыргызстандык спортчу биринчи жолу беделдүү делген мушкерлер уюмунун чемпиону болду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. UFC мушкери Валентина Шевченко ар дайым кыргызстандыктардын колдоосун сезет, бардыгына ыраазычылык айтты деп билдирди чемпиондун апасы Елена Шевченко Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген кыскача маегинде.

Валентина Шевченко менен Жоанна Енджейчиктин беттеши. Тексттик трансляция
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону аталган.

Мушкерлер бүгүн Торонто шаарында өткөн UFC 231 мелдешинин алкагында күч сынашты. Беш раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти Шевченкого ыйгарышкан.

Елена Шевченконун айтымында, ал беттешти толкунданып, бир орунга отура албай көргөн, ошол эле учурда Кудайдан тилеп жана кызынын ийгилигине ишенген.

"Кызымдын чемпиондук курга ээ болгонуна абдан кубанып жатабыз. Бул бардыгыбыз үчүн жагымдуу учур. Бардыгы чалып, жазып, куттуктап жатышат. Валентина биздин колдоону сезип жатканын айтты. Кыргызстандыктарга чоң рахмат! Кыргызстандан UFC мушкеринин чыкканы абдан сонун болду", — деп белгилеген энеси.

Анын айтмынында, беттешке даярдануу план боюнча жүргүзүлгөнү менен кыйынчылыктар болгон.

Айланайын, кагылайын Валентина!!! Шевченко боюнча соцтармактагы пикирлер
"Валентина чемпиондук курга узак убакыт даярданды. Ортодон Никко Монтано кармашты үзгүлтүккө учуратты. Ошону менен жарым жыл машыгуу процессинде жүрдү. Андан кийин Жоаннаны кезиктирди. Ал дагы кесипкөй спортчу. Валентина экөө үч ирет тай бокс боюнча беттешип (2006, 2007, 2008 жылы — ред.), бардыгында тең кызым уткан. Эми төртүнчү ирет жеңип жатат", — деди спортчунун апасы.

Ал ошондой эле Валентина Шевченко жакында Кыргызстанга келерине үмүт артып жатканын билдирди.

"Улуу кызым Антонина келип-кетип жүрөт. Валентинаныкы болбой жатат. Ар дайым машыгуу, беттеш… Эми апасына, чоң атасына келип учурашып, Ысык-Көлгө барат деп ишенем", — деген Шевченко.

Белгилей кетсек, Валентина ушуну менен биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Эркектер арасында россиялык Хабиб Нурмагомедов тагынган.

Валентина 1988-жылы 7-мартта Бишкекте туулган. Спортчунун апасы Елена Шевченко таэквондо боюнча кара курдун ээси, тайбокс боюнча машыктыруучу.