БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону UFC уюмунун чемпиондук курун тагынышы менен куттуктады. Бул туурасында спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Өз кезегинде спортчу өлкө башчыга ыраазычылык айткан.
"Беттеш бүтөөрү менен президент Сооронбай Шариповичтен телефон аркылуу куттук сөз угуу абдан жагымдуу болду. Куттуктоо үчүн чоң рахмат", — деген Шевченко.
Мушкерлер Торонто шаарында өткөн UFC 231 мелдешинин алкагында күч сынашып, натыйжада беш раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти Шевченкого ыйгарышкан.
Президенттин маалымат кызматы кабарды тастыктап, өлкө башчы Шевченкону ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырганын билдиришти.
"Кыргызстан сиз менен сыймыктанат. Сиз мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү UFC боюнча аялдар арасында чемпиондук наамды жеңип алган алгачкы спортчу катары жаштарыбызга үлгү болдуңуз. Сизге мындан ары дагы ийгиликтерди каалайм. Ыңгайлуу учурда мекениңизге келип кетүүгө чакырам", — деп айткан Жээнбеков.
Белгилей кетсек, Валентина ушуну менен мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында биринчи жолу UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Эркектер арасында бул наамга россиялык Хабиб Нурмагомедов татыган.