Айланайын, кагылайын Валентина!!! Шевченко боюнча соцтармактагы пикирлер

Шевченкону күйөрмандары анын бүгүнкү беттешин социалдык тармак аркылуу куттуктап, пикирлерин жазышты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бүгүн, 9-декабрда, польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону аталган.

Шевченко: Кыргызстаныма салам! Баарыңарга ыраазымын
Мушкерлер бүгүн Канаданын Торонто шаарында өткөн UFC 231 мелдешинин алкагында күч сынашты. Беш раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти кыргызстандык спортчу кызга ыйгарган.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко мурдагы совет өлкөлөрүндөгү кыз-келиндер арасынан биринчи болуп UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду.

Учурда мушкер куттуктоолорго бөлөнүп, алкыш алып жаткан чагы.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Валентинага күйөрмандык кылган интернет колдонуучулардын билдирүүлөрүн чогултту.

Чемпиондун сүрөтүн видеодон тартып алган колдонуучу маңдайы жарыла кубанган 

Атаандашы Жоанна Енджейчик алсыз мушкерлерден эмес экендигин белгилешкен 

Спортчунун Кыргызстанга качан келе турганын сурагандар чыкты

Сары кызды Валя, Валюша деп эркелеткендер да бар 

Көптөр "Кыргызстандан чыккан алгачкы UFC мушкери" деп кубанды 

Бекеринен Валентина "Ок" деп аталбаса керек. 

Айланып-кагылып кеткен күйөрман…