Эчки эчкилигин кылганда. Муздан тайгаланган бир короо койдун күлкүлүү видеосу

Facebook тармагына бир короо койдун муз каптаган трассаны кесип өтүп жаткандагы кызыктуу видеосу тарады. Жолдун четинде атчан койчу малынын өтүп бүтүшүн чыдамдуулук менен күтүп турганын байкоого болот. Күткөндөрдүн катарында токтоп турган автобус да бар экен.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жыйырмага чукул майда жандык  көк жылгаяк болгон жолдон өтө албай тайгаланып, бир катарлары кайра артка кетип жатат. Алардын арасынан эчкилер менен чоңоюп калган улактардын кадамы "ийгиликтүү" болгону көрүнүп турат.

Интернет айдыңындагы видеого  "Maroi" оюнунун жана "Джентльмены удачи" кинофильминин музыкалары коштотуп коюшкан.

Роликте бул көрүнүш Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө болгону айтылган. Ал эми кээ бир интернет колдонуучулар Казакстандагы окуя экендигин жазышты.