Итке минген экен... Мыйзамсыз байыды деп кармалган Зилалиевдин декларациясы

Дүйшөнбек Зилалиевдин 2015-2016-жылдары турак жайы да, автоунаасы да жок болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге байлыкты мыйзамсыз топтогон деп кармалды. Аткаминерге Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылган. Бул беренеде жарандардын декларациясында көрсөткөн кирешеси текшерилип, эгер ал туура эмес чыкса, кылмыш иши козголот.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Зилалиевдин эки жылдык декларациясын карап чыкты. Ал 2017-жылдын 17-ноябрына чейин вице-премьер-министр, андан соң Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси болуп иштеп турган. Андагы декларациясы жарыялана элек.

Өз унаасы жок өкмөт мүчөлөрүнүн тизмеси. Алардын катарында транспорт министри бар
Аткаминер 2015-жылы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору катары декларация тапшырган. Анда негизги жумушунан 553 341 сом киреше тапканы айтылат. Турак жайы да, автоунаасы да жок.

Ал эми жакын туугандары 119 000 сомго иштеген. Эки батирге жана дачадагы үйдүн 50 пайызына ээлик кылат. 2004-жылы чыгарылган Honda CRV унасы бар.

2016-жылы Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси катары киреше булагын тапшырган.

Анда көрсөткөн байлыгы да 2015-жылдагыдан айырмаланбайт. Негизги жумушунан тапкан кирешеси 583 856 сомду түзөт.

Жакын туугандары 110 000 сом чогулткан. Эки батирге жана дачадагы үйдүн 50 пайызына ээлик кылат. 2004-жылы чыккан Honda CRV унаасы бар.