Зилалиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды

Чечимди Биринчи май райондук соту 9-декабрда кабыл алды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкекте кармалган Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Башкы прокуратура байлыгын жашырган дипломаттар менен прокурорлорду аныктады
Камакка алуу чечимин Биринчи май райондук соту 9-декабрда кабыл алды.

Мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев байлыгын мыйзамсыз топтогон деген кине менен кармалган. Иш аткаминердин киреше тууралуу декларациясын текшергенден кийин козголгон. 

Эскерте кетсек, Зилалиев Биринчи май райондук соту тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн үч жылга шарттуу кесилген

Зилалиев декларациясына эмне мал-мүлкүн жазганын буга чейин тизмектегенбиз.