Дүйшөнбек Зилалиев кармалды. Анын байлыкты мыйзамсыз топтогону айтылууда

Дүйшөнбек Зилалиевге дагы бир айып тагылган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кармалды. Бул туурасында укук коргоо органдарындагы өздүк маалымат булагы билдирди.

Ал чет өлкөгө чыгуу ниетинде бара жатканда кармалып, артка кайтарышкан. Аткаминерге байлыкты өзүнө мыйзамсыз түрдө топтогон деген айып тагылууда. Учурда Зилалиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жээнбековдун президенттигине бир жыл. Козголгон чуулгандуу иштер
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренесинин 1-бөлүгү менен кармалгандыгын айтты.

Маалымат булагы аткаминердин декларациясында көрсөткөн кирешеси текшерилип, ал туура эмес чыкса, кылмыш иши козголоорун кошумчалады.

Эскерте кетсек,  2017-жылы 24-ноябрда, президенттин инаугурациясы болгон күнү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө өкмөттүк трассага коюлган бомба тууралуу маалымат түшкөнү айтылган. Кабарды ИИМ академиясында окуган кыз Зилалиевге таянуу менен билдирген. Бирок Дүйшөнбек Зилалиев курсант кыз анын айткандарын туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн экенин же "формаңды оңдоп ал деген сөзгө теригип Зилалиев бомба жарылат деп айтты" деши ыктымал деген пикирин айткан. Бул боюнча Биринчи май райондук соту Зилалиевди үч жылга шарттуу эркинен ажыраткан