Биринен бири өтөт! "Дүйнө сулуусу — 2018" сынагынан көз талдырган 16 сүрөт

Sputnik

Бегимай Карыбекова "Аалам сулуусунда" ким менен ат салышат. Сүрөт
Анда Мексиканын атынан чыккан Ванесса Понс де Леон жеңүүчү деп табылса, экинчи орунду таиланддык Николин Пичапа Лимснукан алып вице-мисс аталган.

Сынактын финалы Кытайдагы Хайнань аралында болду. 30 кыздын ичинен 12си тандалган, алардын бешөө гана финалга өткөн.

Дүйнөдөгү эң сулуу кыздардын сынагын Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөттөр түрмөгүнөн көрө аласыздар.

1 / 16
Кытайда "Дүйнө сулуусу — 2018" сынагы өттү
2 / 16
Аталган иш-чара быйыл 68-жолу уюштурулуп жатат
3 / 16
Бул ирет сулуулар Кытайдын Санья шаарында тандалды
4 / 16
Аталган сынак "Аалам сулуусу", "Мисс Интернешнл", "Жер сулуусу" сыяктуу "Алдыңкы төрт илтиктин" ичине кирет
5 / 16
Иш-чаранын максаты — достук, тынчтык жана толеранттуулукту өнүктүрүү
6 / 16
"Дүйнө сулуусу — 2018" титулу үчүн 18 жаштан 26 жашка чейинки 118 өлкөнүн кыздары ат салышкан
7 / 16
Катышуучулар спорттук мелдеште жана таланттар сынагында өз өнөрлөрүн көргөздү
8 / 16
Ошондой эле ар түрдүү кече көйнөктөрүн кийип чыгышты
9 / 16
30 кыздын ичинен 12си тандалган, алардын бешөө гана финалга өткөн
10 / 16
Бешилтиктин ичине Азия, Европа, Америка, Африка жана Кариб аралдары өлкөсүнүн сулуулары кирген
11 / 16
Бешөөнүн ар бири "өз аймагынын сулуусу" деген наам алды
12 / 16
"Азия сулуусу" наамын Таиландда төрөлгөн Николин Пичапа Лимснукан алса, "Кариб аралдарынын сулуусу" деп ямайкалык Кадидже Робинсон аталган
13 / 16
Титулдун ээлери бир жыл ичинде дүйнө кыдырып, кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырып, жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүшөт
14 / 16
Дүйнөнүн 68-сулуусу болуп 26 жаштагы мексикалык Ванесса де Леон аталды
15 / 16
Жаңы дүйнө сулуусунун МВА диплому бар жана ал аялдардын реабилитациялык борборунун жетекчилер кеңешинин курамында
16 / 16
Мындан сырткары, ал улуттук жаштар институтунун спикери, алып баруучу жана модель