Бишкекте "Айтматов тууралуу 90 суроо" аттуу флешмоб өтөт

Иш-чара улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Чыңгыз Айтматов тууралуу 90 суроо" аттуу флешмоб уюштурат.

Москвада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Видео
Ага ылайык, иш-чара жазуучунун туулган күнүндө, 12-декабрда, Бишкектеги "Дордой Плаза" соода борборунда өтөт.

Маданий программанын алкагында Айтматов тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, 90 суроодон турган викторина болот.

Быйыл улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата чет жакта жана Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги бир катар маданий иш-чаралар уюштурулууда.