Түштүк Кореяда поезд рельстен чыгып кетти, жабыркагандар бар

Каннын шаарынан Сеулга бет алган поездде 189 жүргүнчү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Түштүк Кореяда катуу ылдамдыкта жүрүүчү поезд рельстен чыгып кетип, 14 адам жабыркады. Бул тууралуу Ренхап агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Каннын шаарынан Сеулга бет алган поездде 189 жүргүнчү болгон.

Беловодское айылында тепловоз кишини коюп кетти
Кырсык ишемби күнү жергиликтүү убакыт менен саат 7.35те (Бишкек убактысы менен 4.35) болду. Саатына 103 чакырым ылдамдык менен жүрүп бара жаткан поезд рельстен чыгып кеткен.

Маалыматка караганда, жаракат алгандардын бардыгы ооруканага жеткирилди. Бирок оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөндөр жок.

Тиешелүү органдар иликтөө иштерин баштады.