Эмгегим Кытайда 7 миң долларга сатылды. Сүрөтчү Таалайбек Усубалиев менен маек

Кыргызстандагы сүрөтчүлүк өнөрү Орто Азиядагы эң алдыңкы саптарда турат. Өлкө тарыхындагы залкар сүрөтчүлөрдүн жолун улаган жаштардын саны да жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Алардын эмгектерине чет өлкөлөрдөн байма-бай сунуштар түшүп турат.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги бүгүн, 8-декабрь — Сүрөтчүлөрдүн эл аралык күнүнө карата Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы, Кыргыз эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев менен баарлашты.

– Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн азыркы учурдагы жалпы абалына кандай баа бересиз?

Өнөрпоз Болотбеков: министрдин аялына сатылып кеткен сүрөтүмө ичим ачышат
– Мен чет өлкөлөрдө болуп өткөн сүрөт көргөзмөлөрүнө көп эле жолу катышып калдым. Россияда, Кытайда же Түркияда болобу, ар дайым жергиликтүү катышуучулар кыргыз сүрөтчүлөрүн Орто Азиянын эң мыктылары экендигин айтып калышат. Муну Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү өздөрү да белгилешет. Менин оюмча, мунун себеби — кыргыз сүрөтчүлөрүнүн татыктуу билим алышкандыгында. Кыргызстандык өнөр адамдары союз учурунда жогорку билимге ээ болуу үчүн Москва же Ленинградга барышкан. Ал жактарда сүрөтчүнү даярдоо өтө жогорку деңгээлде болгон. Биздин сүрөтчүлөр ошондой мыкты окуу жайларда кесипке үйрөнүшкөн. Ал эми Казакстан менен Өзбекстандын өздөрүнүн окуу жайлары болгон. Билимди жергиликтүү институттардан алганы үчүн бизге анчалык жете алышкан эмес. Абстракция, сюрреализм же реализм сыяктуу бүт агымдарда биздин сүрөтчүлөр дүйнөлүк деңгээлде иштеп жатышат. Биздеги жалгыз көйгөй — каражат маселеси. Кыргыз сүрөтчүлөрүн Европа, Америкага чейин көп чакырышат. Бирок алар каражатыңарды өзүңөр көтөргүлө дегендиктен баралбай калабыз. Ал эми Кытай менен Түркияга көп чыгабыз. Себеби бул өлкөлөр бизде акча жок экендигин билишкендиктен алгач эмгектерибизди сатып алышат. Биз андан түшкөн каражатка барып келебиз.

– Бизде коом сүрөтчүлүк өнөрдү кандай кабыл алат. Көргөзмөлөр калк арасында кызыгуу жаратабы?

– "Москва көз жашка ишенбейт" деген тасмада каармандардын бири "Жакында сыналгы бардык нерсенин ордун ээлейт" деп айтат. Анын сыңары, "сүрөттүн келечеги кандай болот?" деп кабатырлангандардын саны көп. Менин айтаарым, сүрөт болгон жана боло берет. Кооз жаратылыш, саясий абал, коомдун турмушу да чыгармачылыктын бир түрү. Андыктан адам бар болсо, сүрөт эч качан жок болбойт. Жазуучулар коомду жана табиятты калеми менен жазса, биз боёгубуз менен тарта беребиз. Японияда 15 жыл мурун эле май боёк менен сүрөт тарткан робот жасалган. Бирок ал жазылган программанын алкагынан чыга алган эмес. Ал эми адам мүнөзүнө, ошол күнкү маанайына, көз карашына жараша эмгек жаратат. Бизде сүрөтчүлүк өнөрүнүн өз жолу менен бара жатканы —калк тарабынан кызыгуунун жоголбогондугунда. Мен Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы катары жалпы абалыбызга сыймыктанам. Коомубуздун сүрөткө кызыгуусу жогорку деңгээлде. Ага жараша таланттуу сүрөтчүлөрүбүз, жаштарыбыз да көп.

– Өнөрдүн ушул жолун тандаган жаштардын абалы кандай?

Жалал-Абаддагы абактагылар кийим тигип, сүрөт тартып... Саамалык
– Сүрөтчү жаштарыбыздын абалы орточо десем туура болот. Өтө жакшы же начар деп айтууга болбойт. Негизи жаштардын иштеп жатканы эле чоң жетишкендик. Сүрөт тартууга керектүү аспаптарга, боёкко акчасы жетип турганы эле чоң бакыт. Улуу муундун өкүлдөрү убакыт өткөн сайын бизди таштап кетүүдө. Мен өзүмдү орто муун катары кабыл алам. Улуу агайларымдан алган таалимимди жаштарга татыктуу өткөрүп берип жатам деп ойлойм. Жаштарга ар дайым "Иштегиле, эч нерседен коркпогула, көргөзмөлөргө катышып эмгегиңерди эл алдына алып чыккыла",- деп айтам. Устаканада эле олтура бербей, сыртка чыгып Кыргызстандын жаратылышын көрүп, эл менен аралашышы керек да. Биздин өлкөбүздүн укмуш табияты бар. Тилекке каршы, анын баркын анча биле бербейбиз. Сүрөтчүлөр ошол кооздукту элге көрсөтүп турушу абзел.

– Жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери жакшы эле сатылабы?

– Биздин эмгектерди кытайлыктар көп алышат. Себеби алар колунда бар байлар жана бизге жакын өлкө. Башка өлкөлөрдөн сатып алгандардын саны бир аз азыраак. Сүрөттөрдүн бааларын орточо эсеп менен так айтуу кыйын. Кыргызстанда арзан баада сата турган чыгармаң чет өлкөдө кымбатка кетет. Себеби жогоруда айткандай, алардын экономикасы бизден жакшы деңгээлде. Мисалы, мен жакында өзүмдүн бир эмгегимди Кытайда өткөн көргөзмөдө 7 миң долларга саттым. Жалпылап айтканда, биз үчүн сүрөттү миң доллардан жогорку баага сатуу жакшы көрүнүш болуп эсептелинет.

– Негизи эле кыргыздардын өздөрүнө таандык сүрөт тартуу жолу барбы?

– Кыргыздардын өздөрүнө таандык бир стили бар десем туура болот. Сүрөттөрүндө образдарды жаратылыш менен айкалыштырып, кыргыздардын руханий байлыктарын кошушат. Андыктан биздин өнөрпоздордун иштери бардык жерде өзгөчөлөнүп турат. Чет өлкөлөрдө да кыргыздардын калемине таандык сүрөттөрдү дароо эле билишет.

- Сүрөтчүлөр союзунун ишмердигине токтоло кетсеңиз?

Чачтан тартылган залкарлар, 3D кишилер. Бишкектеги өзгөчө көргөзмөнүн сүрөттөрү
- Союз үстүбүздөгү жылда алгылыктуу иштерди аябай көп алып барды. Көчмөндөр оюнуна активдүү катышып, өнөрүбүздү конокторго татыктуу тартууладык. Сүрөтчүлөрүбүздүн эмгектери катышуучулар тарабынан жогорку деңгээлде кабыл алынып, көптөгөн байгелерди утушту. Аны менен бирге эле Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын да жемиштүү өткөрүп жатабыз. Мааракеге арналган көргөзмөлөрүбүз бир гана Кыргызстанда эле эмес, Россияда да өтүп жатат. Андыктан союздун ишмердигин канааттандырарлык деп ойлойм. Тилекке каршы, жетишкендиктердин жанында көйгөйлөр да кездешет. Эң негизги көйгөйүбүз — баарына эле белгилүү каражат маселеси. Бул жаатта мамлекеттик мекемелерге жана жетекчилерге да ар дайым кат жазабыз. Бирок үнүбүз жетиштүү угулбай жаткандай. Эч кандай жардам ала элекпиз. Сүрөтчүлөр союзу өз арабабызды өзүбүз тартып жашап жатабыз.