“Дүйнө сулуусу – 2018” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Сүрөт

Мексикалык Ванесса Понс де Леон дүйнөнүн 68-сулуусу болуп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. – Sputnik. Мексиканын атынан чыккан Ванесса Понс де Леон “Дүйнө сулуусу – 2018” сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Бул тууралуу конкурстун Twitter баракчасына жарыяланды.

“Дүйнөнүн 68-сулуусу атыккан Ванесса де Леонду жеңиши менен куттуктайбыз”, — деп айтылат маалыматта. 

Ванессага таажыны “Дүйнө сулуусу – 2017” сынагынын жеңүүчүсү индиялык Мануши Чхиллар кийгизди. 

Ал эми таиланддык Николин Пичапа Лимснукан вице-мисс аталды. 

Сынактын финалы Кытайдагы Хайнань аралында өттү. 30 кыздын ичинен 12си тандалган, алардын бешөө гана финалга өткөн.