Илимпоздор: аялдардын ала жипти аттаар-аттабасын манжасынан билсе болот

Эркектерден мындай өзгөчөлүк байкалган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Оксфорд университетинин окумуштуулары аялдын манжасынын узундугу менен ала жипти аттоо мүмкүндүгүнүн байланышын таап чыкты. Бул тууралуу РИА Новости Biology Letters басылмасына чыккан макалага таянуу менен жазып чыкты.

Төшөк кумары даба болчу дарттар аталды. Тизме
Илимпоздордун иликтөөсүнө 474 адам катышкан. Алар атайын анкета толтуруп, анатомиялык көрсөткүчтөрүн жазып, бир катар анализдерин тапшырган.

Натыйжада күйөөсүнүн же жигитинин көзүнө чөп салган кыз-келиндердин сол колунун сөөмөйү аты жогунан узунураак экени аныкталган. Ал эми эркектерден мындай өзгөчөлүк байкалган эмес.

Тестти өткөргөндөн кийин окумуштуулар манжа узундугу аялдардын жыныстык гормондору болгон экстрогендердин деңгээлин аныктай турганын далилдешти. Көрсө, учурдагы жеке мамилелерине ичи чыкпаган аялдардын аталган гормону көп болуп, "башканы" эңсеп турат экен.