Свердлов райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголмой болду

Сотту иштен алуу сунушун Судьялар кеңеши берген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев кылмыш жоопкерчилигине байланыштуу кызматынан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Турдукожоев ишинен Судьялар кеңешинин тартип комиссиясынын сунушу жана Башкы прокуратуранын аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга берген макулдугунун негизинде алынды.