Радио

Рыскулова: өлкөдө бир дагы мамлекеттик кризистик борбор жок

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова аталган жайларга мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча кеткен чыгымдардын беш пайызын гана жаба турганын билдирди.
Sputnik
Рыскулова: өлкөдө бир дагы мамлекеттик кризистик борбор жок

Өлкө боюнча бир дагы мамлекеттик кризистик борбор жок. Кошуна мамлекеттер мыйзамды Кыргызстандан кийин кабыл алса да, бул жаатта бир топ жакшы иштерди жасай алышты. Мындай пикирин Бүбүсара Рыскулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айтымында, ал жетектеген борбор 20 жылдан бери зордук-зомбулук көргөн кыз-келиндерге, өспүрүмдөргө көмөктөшүп келет.

"Кошуна Казакстанды эле мисалга ала турган болсок, аларда чоң имараты менен 60ка жакын кызматкери бар, мамлекеттик кризистик борборлору бар. Өлкө өзү бул ишти колго алып, мүлкү конфискацияланган кылмышкерлердин үйлөрүн кризистик борборлорго ыйгарган жана анын каржы маселесин да толугу менен мамлекет өзү чечет. Бизде мыйзам болгону менен ал жакшы аткарылбайт. Мисалы, биздин борбор 20 жылдан бери түрдүү зордук-зомбулуктарга кабылган кыз, келин, балдарга жардам берип келет. Беш бөлмөдөн турган 20 кишиге ылайыкташкан имаратыбыз бар. Мэрия ижара акысынан бошоткон, Социалдык өнүктүрүү министрлиги бөлгөн каражат коммуналдык кызматтарды төлөгөнгө эле жетет. Башкача айтканда, жылдык чыгымыбыздын беш пайызын жабат. Андыктан, кризистик борборлордун саясатын өлкө өзү жүргүзүп, бөлүнгөн каржынын көлөмүн да көбөйтсө деп сунуштап жатабыз", — деди Рыскулова.

Ал кризистик борборлор донорлордун гана эсебинен иштеп келерин жана жардам берүүнү каалагандар дайыма эле боло бербей турганын кошумчалады.