Муфтий Токтомушев Абу-Дабидеги форумга катышууда

Иш-чарага дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн дин аалымдары, серепчилер, конфессия өкүлдөрү келген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өтүп жаткан "Мусулман коомчулуктарында тынчтыкты бекемдөө" деп аталган форумга катышууда. Бул тууралуу муфтият билдирди.

1 / 2
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өтүп жаткан "Мусулман коомчулуктарында тынчтыкты бекемдөө" деп аталган форумга катышууда
2 / 2
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара ушуну менен бешинчи ирет өтүүдө.

Жээнбеков: исламды жамынып алып, өз маданиятын киргизүүнү көздөгөндөр бар
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара ушуну менен бешинчи ирет өтүүдө. Эл аралык форум алкагында катышуучулар азыркы Ислам дүйнөсүнүн биримдиги, дүйнөлүк баалуулуктарды жайылтуу сыяктуу маселелер боюнча пикир алмашууда.

Жолугушууга дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн келген дин аалымдары, серепчилер, конфессия өкүлдөрү катышып, экстремизмдин алдын алуу, тынчтыкты орнотуу жана биргеликте иш алып баруу маселелерин талкуулап жатышат.