БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун майыптарга бөлгөн 2,5 миллион сому 10 социалдык стационардык мекемеге берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, ал каражат төмөнкү жайларга багытталган:
— Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (ДМЧА) жана улгайгандар турчу Төмөнкү-Серафимовка интернат-үйү;
— Жайыл районундагы психикалык жактан жабыркаган аялдардын социалдык мекемеси;
— Ак-Суу районундагы психикалык жактан жабыркаган аялдардын социалдык мекемеси;
— Токмок районундагы психикалык жактан жабыркаган эркектердин №1 социалдык мекемеси;
— Токмок районундагы психикалык жактан жабыркаган эркектердин №2 социалдык мекемеси;
— Кадамжай районундагы психикалык жактан жабыркаган аял-эркектердин социалдык мекемеси;
— Покровка районундагы психикалык жактан жабыркаган аял-эркектердин социалдык мекемеси;
— Беловодск районундагы психикалык жактан жабыркаган балдардын социалдык мекемеси;
— Жалал-Абаддагы психикалык жактан жабыркаган балдардын социалдык мекемеси;
— Сокулук районундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдардын реабилитациялык борбору.
"Аталган социалдык мекемелердин жетекчилери бөлүнгөн каражатка керебет, шкаф, отургуч, стол, диван, ашкана эмеректерин жана терезе парда алышат", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 3-декабрь майыптар күнүнө карата президент Жээнбеков резервдик фондусунан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигине 2,5 миллион сомдон, жалпы 5 миллион сом бөлгөн.