Кыргызстандык мушкер Малайзияда жеңишке жетти. Видео

Кямран Аббасов малайзиялык Агилан Тани менен таймашты.
Sputnik

Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов Малайзияда өткөн аралаш жекеме-жеке мушташуу боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жетти. Таймаштын видеосу иш-чаранын уюштуруучуларынын YouTube каналына жүктөлдү. 

Шевченко каршылашын баш көтөртпөй жеңе алабы? Спортчулар беттеш тууралуу
7-декабрь күнү Куала-Лумпур шаарында Destiny of Champions мелдеши болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу One FC ММА мелдештерин өткөрүп жүргөн атактуу уюмдардын бири. Мелдеште дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 22 спортчу күч сынашты. 

Кямран Аббасов малайзиялык Агилан Тани менен таймашып, биринчи раундунда эле жеңип алды. 

Бул анын профессионалдык рингдеги жыйырманчы жеңиши.

Кыргызстандык мушкердин таймашы видеонун үчүнчү саатынын 27 мүнөтүнөн башталат.