Сүйүктүүңдү жоготсоң да сезимдер өчпөйт! "Делбиримди" көргөн жигиттин ой-толгоосу

Көздөгөн жерге жетүү үчүн тар жол, тайгак кечүү, туман баскан ашууларды басып өтүүгө аракет кылабыз. Сапарга аттанып жатканда жолдун кайсы жеринен кантип мүдүрүлөрүбүздү билбейбиз. Ошол жол азабына чыдаганы да, алдан тайганы да бар. Бешенеге жазганын алдын-ала көрүү кыйын. Заматта орун алган күтүүсүз окуялар айрым кыялдарды талкалап салат тура.
Sputnik

Ой, Эламан эмне эле акылдуусунуп атат дебеңиздер! Бул жөн гана бир тасманы көрүп чыккандан кийинки ойлор.

5-декабрь күнү Бишкекте кыргыз-өзбек киночулары биргелешип Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тарткан "Делбирим" кинокартинасы тар чөйрөгө көрсөтүлдү. Алдыда ошол фильм тууралуу сөз кылабыз. Башында айтып коёюн, мен кино сынчы эмесмин, мага эмнеси жагып, эмнеси жакпаганы жана андан алган таасирлер тууралуу жеке оюмду жазып отурам. Муну сүйүүнүн даамын эми татып жаткан жаш жигиттин ой толгоосу катары кабыл алыңыз.

Илияс тажрыйбалуу айдоочу, мүнөзү жеңил, жүк ташуучу унаасын жанынан артык көрөт. Машина анын үйү, жадакалса сүйгөнү. Балдар үйүндө бирге чоңойгон Алибек досунан башка жакын туугандары жок. Ал күнү айдап бараткан унаасы бузулбаганда Аселге жолукпай калмак. Ооба, бул да буйрук экен. Ошол күнү кызыл жоолук жалжалына кезикти. Чыңгыз Айтматов чыгармасын жазып жатканда "Делбирим" деп Аселдин образына арнап койсо керек. Делбирим — жигиттин сүйгөн кызына арнаган аруу сөздөрдүн бири эмеспи. Биз да жарыгым, берекем, жалжалым деп эркелеткен сыяктуу го. Асел чынында эле чырайлуу, айылда өскөн баёо кыз. Илияска жолуккандан кийин сүйүү бар экенине жан дили менен ишенген. Ошон үчүн ата-энеси аны башкага кудалап койгонуна карабай ашыгынын колун кармап качып кетти. Ошентип турмуштун даңгыр жолуна аттанат да, жыл айланбай бир уулду жарыкка алып келет.

Ал эми Кадича автобазада диспетчер болуп иштейт, ал да сөз жок сулуу айым. Биринчи турмушунан жолу болбой ажырашкан. Илиясты катуу сүйөт, артынан калбай уйгактай эле жабышат.

Съемки фильма "Делбирим" ("Тополек мой в красной косынке") в Узбекистане

Байтемирди жүрөгүм жылып эстеп отурам. Бөөдө кырсыктын айынан үй-бүлөсүнөн айрылган. Аз сүйлөйт, бирок аябай кең пейил. Ичи жалындап күйүп турса да, сыртынан билдирбейт. Ага сүйлөгөн сөзүнө эмес, кылган ишине карап баа беришиң керек.

Фильмде ушул төрт адамдын тагдыры баяндалат.

Эгер бирөө сүйүп, экинчиси сүйбөсө, ортодо боштук пайда болуп калат экен. Ал эми экөө тең жан дүйнөсү менен сүйгөн болсо ортода махабат орной турганына ынандым. Бул жерде Илияс пендечилик кылды, жеңил ойлуулукка алдырды. Балким Кадичанын тузагына түштү. Байкуш Аселчи… Баласын койнуна кысып, көз жашы соолуганча ыйлады, жол карап күттү, караанын көрүүгө зарыкты. Бирок жүрөгүнүн ээси келген жок. Аргасы түгөнгөндө башын башканын ийинине жөлөөгө мажбур болду.

Съемки кыргызско-узбекской кинофильма "Делбирим"

Анткен менен Илиястын да, Аселдин да бири-бирине болгон сезимдери өчкөн жок. Болгону алар башында айткандай бешенеге жазылганын көрүштү.

Ал эми техникалык жана көркөмдүгү жагынан караганда кадрлар абдан кооз тартылган, майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурушуптур. Актерлорго сын айта албайм, алар өз ишинин мыктылары. Мага Элина Абай кызынын жараткан образы өзгөчө жакты. Бирок өзүнүн үнүн уккум келди эле, эмнегедир башка адамдын үнү менен жазышыптыр. Байтемирди болсо кинодон эмес, чыныгы жашоодон кезиктиргендей болосуң. Тасмада азыркы учур чагылдырылып, сценарийи жөнөкөйлөштүрүлгөн. Мисалы, заманбап кийинип, чөнтөк телефон менен сүйлөшүүлөрдү, түнкү клубда жүргөн кадрларды көрүүгө болот.

Баса, кыргыз-өзбек деген сөз айтылбайт. Көрүп жатып каармандар кайсы улуттан экенине маани бербей каласың.

Съемки кыргызско-узбекского кинофильма "Делбирим"

Дагы бир жолу "баса" дейинчи, кинотеатрдын кызматкерлерине бир ооз сөзүм бар эле. Кечээ бир кесиптешим "Делбиримди" көрүүгө ашыгып барган. Башталгандан кийин телефонун колуна алып Instagram баракчасына 15 секунддук "сторис" киргизейин деп тартып атканда артынан бирөө келип далыга катуу чаап чочутуптур. Анан "менин көзүмчө өчүр" деп кагыптыр. Ал кинотеатрдын кызматкери экен. Мындай эрежеңерди билем, болгону бир аз сылыгыраак болушуңарды сурайм.

Съемки кыргызско-узбекской кинофильма "Делбирим"

Маалымдама:

Өзбек актеру Улугбек: "Делбиримде" жашадым, мен да Байтемирге окшошмун
Аталган фильм залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Делбирим" повестинин негизинде экрандаштырылган. Хронометраж 1 саат 40 мүнөт, анын негизги бөлүгү Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддору Кыргызстандын Балыкчы шаарында, Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган.

Сценарийин Керез Зарлыкова жазса, өзбекстандык Сарвар Каримов режиссерлук кылды.

Илиястын ролун белгилүү актер Адиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойноду. Эки актер тең Өзбекстандан. Аселдин образын Мадина Талипбек жаратса, Кадичаны Элина Абай кызы аткарды.

Фильмди "Өзбеккино" улуттук агенттиги жана Кыргызстандын "Дан" продюсердик борбору тартты. Биргелешип тасма тартууну алгач кыргызстандык продюсер Паризат Жакыпбек кызы демилгелеген.

Тартууга кеткен каражаттын басымдуу бөлүгү Өзбекстан мамлекети тарабынан бөлүнгөн.