Декабрь ичинде мунай заттары арзандамакчы

Бул Россияда күйүүчү майдын баасынын өзгөрүшүнө жараша болгону айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстандын рыногунда декабрь айында мунай заттарынын 1-2 пайызга арзандашы күтүлүп жатат. Бул туурасында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты.

"Колдо болгон маалыматтарга караганда, Россиянын рыногунда мунайдын баасы өзгөрдү. Андан улам декабрь айында күйүүчү майдын баасы үлгүсүнө жараша 1-2 пайызга төмөндөмөкчү", — деп айтылат билдирүүдө.

2019-жылга карата күйүүчү майдын баасы чечилди
Мындан тышкары, аталган ассоциация Россиядан күйүүчү майды бажы алымдарысыз алып келүүгө шарт түзгөн келишимге кол коюлганын жар салды. Документке ылайык, кийинки жылы да Россиядан быйылкыдай эле 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель майы, 100 миң тонна авиакеросин, 50 миң тонна нефть ташып келүү белгиленген. Россия эгер Кыргызстанда күйүүчү майга болгон талап күчөсө, белгиленген планды карап чыгууну убадалады.