Бишкектеги Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине светофор коюлду

Орнотулган жол чырак бүгүн, 7-декабрдан тарта, ишке киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жол кыймылынын жана жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Бишкектин Садыгалиев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине светофор орнотулду. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

1 / 2
Жол кыймылынын жана жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Бишкектин Садыгалиев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине светофор орнотулду
2 / 2
Орнотулган жол чырак бүгүн, 7-декабрдан тарта, ишке киргизилди.

Бул жылы "Бишкек шаарынын ички жолдорун жакшыртуу" долбоорунун биринчи фазасынын алкагында Кытай бөлгөн гранттын эсебинен Лев Толстой көчөсүндөгү жол Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин узартылган. Мындан улам бул аймакта унаа каттамы көбөйө баштаган. Жолдун курулушу Дэн Сяопин жана Гагарин көчөлөрүндөгү унаа каттамдарын жеңилдеткен.

Орнотулган жол чырак бүгүн, 7-декабрдан тарта, ишке киргизилди.