Ак-Суу районунун ЖКККБсынын жетекчиси эки айга СИЗОго камалды

Шектүү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда 18 жаштагы баланы коюп кеткенин моюндаган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн начальниги №1 тергөө абагына эки айга киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, анын баш коргоо чарасы бүгүн, 7-декабрда, Ысык-Ата райондук сотунда тандалган.

Оштогу жол кырсыгында кытай жараны каза болду. Окуянын сүрөтү
Буга чейин 3-декабрь күнү түнкү саат 02.20лар чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 33-чакырымында Mercedes үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу бузулуп калган машинасын түртүп бараткан 18 жаштагы баланы коюп кеткен. Жабырлануучу ооруканага бараткан жолдо көз жумган.

Ошол эле күнү район милициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, кырсыкка себепкер делген Дмитриевка айлынын 63 жаштагы тургуну кармалган. Кийин кырсык болгон аймактагы видеокамераларды караганда айдоочу улгайган адам эмес, жаш жигит экени аныкталган. Улгайган киши Ак-Суу районунун ЖКККБсында иштеген уулунун кылмышын жабыш үчүн ушундай кадамга барганы белгилүү болгон.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси ("Жол эрежесин бузуу") боюнча кылмыш иши козголгон.