Азимкан Жусубалиев 1965-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. 1987-жылы Фрунзе политехникалык институтун "Автомобиль транспортун эксплуатациялоо инженери" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
— 1988-1991 — Кыргыз ССРинин Транспорт жана шосселик жолдор министрлигинин Кызыл-Кыядагы жүк автобазасынын бөлүм башчысы;
— 1991-1991 — Кызыл-Кыя шаардык аткаруу комитетинин уюштуруу топ бѳлүмүнүн инспектору;
— 1991-2003 — КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аскердик автоколоннасында башкы инженер;
— 2003-2004 — КРдин Жаратылыш жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин техникалык-ѳндүрүштүк башкармалыгынын жетектѳѳчү адиси;
— 2004-2006 — КРдин экономиканы ѳнүктүрүү, ѳндүрүш жана соода министрлигинин Ош шаардык бѳлүмүнүн башчысынын орун басары;
— 2006-2006 — КРдин каржы, экономика министрлигинин Ош шаардык бѳлүмүнүн каржы бѳлүмүнүн башчысы;
— 2006-2008 — Ош шаардык мэриясынын Каржы жана экономика бѳлүмүнүн башчысы;
— 2008-2009 — КРдин өкмѳт аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык мониторинг бѳлүмүнүн инспектору;
— 2010-2012 — КР президентинин администрациясында бир нече кызматтарды аркалаган;
— 2012-2016 — КР өкмѳтүнүн аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадр кызматы бѳлүм башчысы;
— 2016-жылдан ушул тапка чейин Транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары.