Финпол: Бажы кызматынын экс-төрагасы Жунусов АКШдан келе жатып кармалган

Издөөгө алынган мурунку жетекчи 4-декабрда колго түшүрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов Нью-Йорктон келе жатып Бакуга конгондо кармалган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Финпол: жол оңдоодо аткаминерлер миллион сом кымырып алышкан
Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда эл аралык издөөгө алынган Жунусовдун 4-декабрда колго түшүрүлгөнү айтылган.  Бажы кызматынын мурунку жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Финполдун маалыматында Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында "А" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 167 миллион сомдон ашуун зыян келтирген.

Учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Жунусовду экстрадициялоо боюнча аракеттерди көрүп жатат.