Стамбулдагы акыл жарыш олимпиадасында Алибек байгелүү орунга ээ болду

Олимпиадага дүйнөнүн 30дан ашык мамлекетинен келген окуучулар катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Memoriad акыл жарыш олимпиадасында 9 жаштагы кыргызстандык Алибек Турсунбеков үчүнчү орунга татыды. Бул тууралуу Бишкектеги окуу борборлорунун биринин жетекчиси Жакшылык Матанов билдирди.

1 / 2
Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Memoriad акыл жарыш олимпиадасында 9 жаштагы кыргызстандык Алибек Турсунбеков үчүнчү орунга татыды
2 / 2
Турсунбеков көбөйтүү боюнча күчүн сынап үчүнчү орунга илинсе, дагы бир тогуз жаштагы Байэл Рахымбеков тез эсептөө боюнча жарышта төртүнчү орунга татыган.

Анын айтымында, олимпиадага 30дан ашык мамлекеттен келген окуучулар катышкан.

Турсунбеков көбөйтүү боюнча күчүн сынап үчүнчү орунга илинсе, дагы бир тогуз жаштагы Байэл Рахымбеков тез эсептөө боюнча жарышта төртүнчү орунга татыган.

Белгилей кетсек, Алибек Турсунбеков ушул эле сынакта жаш курагы чектелбегендер арасындагы жарышка дагы катышып, төртүнчү орунду ээлеген.

Кыргызстандык өспүрүмдөрдүн ийгилиги сынактын расмий сайтына дагы жарыяланды.