Путин ЕАЭБде төлөм жүргүзүүнүн орток инфраструктурасын түзүүнү сунуштады

Биримдикке мүчө мамлекеттердин улуттук валютасын туруктуу кармап туруучу рычагдар айтылды.
Sputnik

САНКТ-ПЕТЕРБУРГ, 6-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында төлөм жүргүзүүнүн орток инфраструктурасын түзүү сунушун айтты.

Эскерте кетсек, ушу тапта Санкт-Петербург шаарында биримдикке мүчө мамлекеттердин президенттери катышкан ЕАЭБ саммити өтүп жатат.

Путиндин айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда валюта-финансылык жана акча-насыя саясатындагы мамиле бекемделүүдө. Ал сентябрь айында мамлекеттердин Борбордук банктары финансы рыногу жаатында макулдашууга кол койгонун эскертти.

"Бул жалпы финансы айдыңын түзүүгө ири кадам. ЕАЭБде заманбап финансы технологияларын колдонуу менен төлөм жүргүзүүнүн орток инфраструктурасын түзүүнү сунуштайбыз. Бул мамлекеттерибиздин улуттук төлөм системасынын туруктуулугун күчөтүүгө, мындан улам анын доллар жана башка чет элдик валютадан көз карандысыз болуусуна өбөлгө болмок. Сөздүн түз маанисинде экономикалык суверенитетти арттырмак", — деди Путин.

Мындан тышкары, Россия күн тартибине жарандардын тигил же бул өлкөгө кирип-чыгуусун жеңилдетүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана маданият тармагындагы байланышты бекемдөө сыяктуу маселелерди киргизүүнү демилгелеп жатканы айтылды.