БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.
Анын алкагында тараптар тар жана кеңири чөйрөдө жолугат. Иш-чаранын маданий бөлүгүндө мамлекет башчылары "Щелкунчик" балетин көрөт.
Данияр Сыдыков — КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Жеңиш Разаков — вице-премьер-министр
Алмаз Кененбаев — КР президент аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
Олег Панкратов — экономика министри;
Азизбек Мадмаров — КР тышкы иштер министринин орун басары;
Болот Отунбаев — Кыргызстандын Россиядагы элчиси;
Алмаз Сазбаков — Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги атайын өкүлү.