Оштогу жол кырсыгында кытай жараны каза болду. Окуянын сүрөтү

Кырсыктын себептерин Кара-Суу райондук милициясы иликтеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. 5-декабрь күнү Ош облусунда болгон жол кырсыгында эки адам көз жумуп, алардын бири 51 жаштагы чет элдик жаран экени аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

1 / 4
5-декабрь күнү Ош облусунда болгон жол кырсыгында эки адам көз жумуп, алардын бири 51 жаштагы чет элдик жаран экени аныкталды
2 / 4
Эске салсак, шейшембиде Кара-Суу районунун Каратай айылында Toyota Avensis унаасы менен КамАЗ бетме-бет сүзүшүп, алдын-ала маалыматтар боюнча бир адам көз жумганы айтылган
3 / 4
Милициянын тактоодон кийинки билдиргенине караганда, кырсыктын кесепетинин 32 жаштагы кыргызстандык жана 51 жаштагы кытай жараны каза тапкан
4 / 4
Учурда жол кырсыгынын себептерин Кара-Суу райондук милициясы иликтеп жатат.

Эске салсак, шейшембиде Кара-Суу районунун Каратай айылында Toyota Avensis унаасы менен КамАЗ бетме-бет сүзүшүп, алдын ала маалыматтар боюнча бир адам көз жумганы айтылган.

Милициянын тактоодон кийинки билдиргенине караганда, кырсыктын кесепетинин 32 жаштагы кыргызстандык жана 51 жаштагы кытай жараны каза тапкан.

"16.00дө Ош — Сары-Таш унаа жолу менен Ошту көздөй бара жаткан Toyota Avensis алдынан келе жаткан унааны буйтап өтөм деп жол жээгинде токтоп турган КамАЗды сүзүп алган. Жеңил унаанын айдоочусу менен төрт жүргүнчү облустук ооруканага жеткирилип, ал жактан экөө каза болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда жол кырсыгынын себептерин Кара-Суу райондук милициясы иликтеп жатат.