Окумуштуулар уйку канча саатта жакшы канарын айтышты

Илимпоздор 35 жаштан 70 жашка чейинки 116 миңден ашык кишинин уйкусу тууралуу күндөлүгүндөгү маалыматтарды анализдеп чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Окумуштуулардын эл аралык тобу жүрөк кан тамырлары оорусунан жабыркагандар көбүрөөк көшүлүп уктайт деген жыйынтыкка келишти. Изилдөөнүн жыйынтыгы Европалык кардиологдор коомунун журналына жарыяланды.

Жарык бөлмөдө уктоонун зыяны көп. Адистердин аныктамасы
Илимпоздор 35 жаштан 70 жашка чейинки 116 миңден ашык кишинин уйкусу тууралуу күндөлүгүндөгү маалыматтарды анализдеп чыгышкан. Ага ылайык, алты сааттан сегиз саатка чейин уктаган кишинин уйкусу жакшы кана турганы аныкталган.

Ал эми сегиз сааттан тогуз саатка чейин уктагандардын жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу 6-8 саат уктагандарга караганда беш пайызга жогору экени божомолдонгон. 9-10 саатка чейин уктагандардын олуттуу дартка чалдыгуу ыктымалдуулугу 17 пайызды түзсө, күнүнө он сааттан ашык уктагандарда бул көрсөткүч 41 пайызга барабар.