"Ош тазалыктын" жаңы жетекчиси: спортчу деп эле каралаган туура эмес

Айрым ЖМКлар мурда анын журналисттерге кол көтөргөнүн жазса, интернет колдонуучулар "спортчу ишти жөндөп кете албайт" дешүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. "Ош тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров кызматтан бошогондон кийин ордуна спортчу Нурбек Исмаилов дайындалганын мэриядан билдиришти.

Назначенный директором муниципального предприятия "Ош-Тазалык" Нурбек Исмаилов

Исмаилов кызматка дайындалары менен айрым ЖМКлар мурда анын журналисттерге кол көтөргөнүн жазса, интернет колдонуучулар "спортчу ишти жөндөп кете албайт" дешүүдө.

Жаңы жетекчи бул боюнча Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өз оюн билдирди.

"Былтыркы президенттик шайлоодо аймактык комиссияда иштегем, ошондо сыртта эл ызы-чууга түшүп мен барып тынчтандыргам. Эч кимге кол көтөрүп, коркутуп, жаман сөз айткан эмесмин. Эгер мен жаман иш кылсам, эмнеге ошондо үстүмөн арыз жазып, даттанышпайт? Андан бери бир жылдан ашык убакыт өттү. Азыр айланамда жүрүп жаткан сөздөргө түшүнбөй турам. Спортчу болсо эле жаман иштерге аралашкан деп кабыл албаш керек да. Буга чейин Ош шаардык муниципиалдык троллейбустар паркынын орун басарлыгын аркалап, бир топ долбоорлорду ишке ашыргам. Жогорку билимдүүмүн", — деди Исмаилов.

Ал ошондой эле "Тазалыкка" келишине мекемеден сунуш түшкөнү себеп экенин кошумчалады.

33 жаштагы Нурбек Исмаилов аралаш мушташ жана грэпплинг боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, спорт чебери.