БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кытайдын түштүк-батышындагы 68 бурулушу бар трасса дүйнө жүзүндөгү экстремалдуу жолдор рейтингин баштап калышы мүмкүн. Бул тууралуу The Daily Mail билдирүүдө.
Жол кооптуу ашуудан өтүп, ойкуп-кайкыган бурулуштары туристтердин эле эмес, жергиликтүүлөрдүн да жүрөгүн түшүрөт. Дээрлик ар бир 100 метрден кийин эле чукул бурулуу керек.
6,3 чакырымдык жол Юньнань провинциясындагы Цзиньсин жана Цзиньяншао айылдарын бириктирип турат. Магистраль бийлик менен жергиликтүү элдин колдоосу менен 1,35 миллион юаньга 1995-жылы курулган.
Убакыттын өтүшү менен аталган жол аймактагы эң бир кооз жерге айланган. Аны көрүү үчүн дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан туристтер келет.