Бишкекте көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Мелдеш 8-9 декабрь күндөрү Кожомкул атындагы Спорт сарайдын машыгуу залында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Борбордо көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпионаты өтө турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган федерациянын вице-президенти Назира Айдарова билдирди.

Мелдеш 8-9 декабрь күндөрү Кожомкул атындагы Спорт сарайдын машыгуу залында өтөт.

"15 жаштан өйдө курактагы гимнасттар спорт чебери программасында мелдешсе, 12-14 жаштагылар спорт чеберине талапкер бөлүгүндө күч сынашат. Ошондой эле 9-10догу кыздар да талантын тартуулайт", — деди Айдарова.

Ал кошумчалагандай, чемпионатты уткандар 2019-жылы өлкөнүн курама командасына кошулат.