Бишкектеги соода борборлордун биринен түтүн чыкты. Видео

Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа барды.
Sputnik

Борбор калаадагы "Ала-Арча" соода борборунан түтүн чыгып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Өрт өчүрүүчү эки унаа окуя болгон жерге саат 9.57де барган. Маалыматка караганда, соода борборунда жалбырттаган жалын жок.