УКМКнын билдиришинче, Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Буга чейин 120 миң долларын алса, калганы кийинки жумада колуна тиймек.
Жусубалиев тендердик комиссиянын төрагасы болгон. Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында 40 миллион 751 миң доллар сунуштаган италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы менен келишим түзүлгөн.
Сөз болуп жаткан объект — Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун бир бөлүгү. Ал Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан. Салына турган жол Башкууганды (мурунку Дыйкан) айылынан башталып, аягы Ак-Учук (мурунку Эпкин) айылынан бүтөт. Жалпы узундугу 69,7 чакырым.
Шектүүлөрдүн бардыгы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.