Соцфонд: жылына 40-45 миңге чейин жаран пенсияга чыгат

Бүгүн депутаттар "КР мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карашты.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңештин жыйынында өлкө боюнча жылына 40-45 миңге жакын жаран пенсияга чыгарын айтты.

Мигранттардын пенсиясы боюнча ЕАЭБде мамлекеттер аралык келишим иштелип жатат
Бүгүн депутаттар "КР мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карашты. Ал үчүнчү окууга киргизилет.

Депутат Тазабек Икрамов пенсияга чыкканга чейин каза болуп калган жарандардын топтогон акчасы кайда кетерине кызыкты.

Өз кезегинде Жуматаева пенсияга чыккандардын бардыгынын эле топтомо бөлүгү жок экенин айтып, учурунда соцфондуга акча төлөгөндөргө гана пенсия чегерилерин билдирди.

"Эгерде топтомо бөлүгү болсо, сөз жок мураскерлерине төлөнөт. Мисалы, 2018-жылдын 1-ноябрына карата 180 миң киши ушул топтомо бөлүгүн алышты. Анын ичинен бир жолу төлөнө турчу каражатты 102 миң 855 адам, биздин мамлекеттин жарандыгынан чыгып кеткен 1591 адамга төлөндү. Андан сырткары, мураскер болгон 2561 адамга төлөнүп берилди", — деди ал.

Жуматаева бүгүнкү күнү топтомо бөлүктүн орточосу 5325 сомду түзөрүн белгиледи.