БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстанда инвестициялык оазис түзүү пландалып жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Россия 24" телеканалына берген интервьюсунда билдирди.
Ал Кыргызстанды 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынганын, анда 2023-жылга чейин аткарыла турган приоритеттүү тапшырмалар бар экенин белгиледи.
"Эффективдүү мамлекеттик башкаруу, коррупция менен күрөштү күчөтүү, бизнестин ишине кийлигишүүнү азайтуу, орто жана кичи бизнести колдоо, кызматтарды электрондук форматка өткөрүү жана фискалдык саясатты либералдаштыруу аркылуу алдыга коюлган максаттарга жетебиз", — деди президент.
"Аймактарды өнүктүрүүдө теңсиздикти жойгону жатабыз. Региондорду өнүктүрүү программасын кабыл алып, өсүш баштала турган 20 шаарды тандап алдык. Инвестициялык аралча түзүп, жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнесмендерди бирдей шарт менен камсыздайбыз", — деди ал.
Мамлекет башчы ошондой эле Кыргызстан ЕАЭБдеги башка өлкөлөр менен теңата атаандашып жатканын кошумчалады.